Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (жетинчи шайланган) XII сессиясынын
2022-жылдын 4-апрели №2
Жайыт комитетинин 2021-жылда аткарган иштери жөнүндө маалымат жана 2022-жылга жайыт жерлерин ижарага берүү боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2021-жылдын 12 айына бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана 2022-жылга карата жайыт жерлерин ижарага берүү боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндөгү Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин башчысы Токтоболотов Мамадин билдирүү жасап, айылдык кеңештин талкуусуна коюп, бул маселе кеңири талкууланып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Жайыт комитетинин 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2.Жайыт комитетинин 2022-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 400,0 миң сом, анын ичинен ижара акысы 400,0 мин сом болуп, ал эми чыгаша бөлүгү 400,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
3.Жайыт комитетинин 2022-жылга бюджетинин киреше бөлүгү төмөндөгүдөй кирешелерден ;
Жарандардын жайытка чыга турган ири мүйүздүү мал, майда мүйүздүү мал жана жылкылары үчүн алына турган ижара акысынан;
- ири мүйүздүү малга – айына 40 сомдон х 5 айга = 200 (Эки жүз) сомдон,
- торпокторго - айына 20 сомдон х 5 айга = 100 (Жүз) сомдон,
- майда мүйүздүү малга (кой, эчкилерге) – айына 10 сомдон х 5 айга = 50 (Элүү) сомдон,
- жылкыга - айына 40 сомдон х 5 айга = 200 (Эки жүз) сомдон,
Башка айыл өкмөттөрдүн жарандарынын жайытка чыга турган ири мүйүздүү жана майда мүйүздүү малы, жылкылары үчүн алынуучу ижара акысынан ;
- ири мүйүздүү малга – айына 80 сомдон х 5 айга = 400 (Төрт жүз) сомдон,
- торпокторго - айына 20 сомдон х 5 айга = 100 (Жүз) сомдон,
- майда мүйүздүү малга (кой-эчкилерге) – айына 10 сомдон х 5 айга = 50 (Элүү) сомдон,
- жылкыга – айына 80 сомдон х 5 айга = 400 (Төрт жүз) сомдон,
Айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлерин тосуп алып, мал багуудан башка багыттарда пайдаланган жарандардан алынуучу ижара акысынан,
- 1 га жер аянтына 1 жылга - 1500 (Бир миң беш жүз) сом,
- бал челекке – 70 (Жетимиш) сомдон,
- жайытка чөп орокко 1 га жер аянтына - 500 (Беш жүз) сом.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлеринде жеке ишкерлик менен алектенген физикалык жактардан алынуучу ижара акысынан ;
- 1 м2 жер аянтына сезонго :
- «Ош-Алай» трассасынын боюнда соода-сатык жүргүзгөндөр;
- жайыт жерлеринин ичинде эс алуу жана саамал ичирүү багытында боз үй тигип, вагон коюп иштеткен жергиликтүү тургундар үчүн – 50 сомдон;
- башка айыл өкмөтүнүн жарандары үчүн – 70 сомдон белгиленип, түзүлсүн.
4. Жайыт жерлериндеги ыңгайлуу болгон ижарага берилген кара эгин эгилүүчү 1 га жер аянтына 1500 (Бир миң беш жүз) сомдон;
- ыңгайсыз, чөп ороктон тышкары, кашаа менен тосулган жерлер үчүн – 1000 (Бир миң) сомдон белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |