Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (жетинчи шайланган) XII сессиясынын
2022-жылдын 4-апрели №3
Айыл аймагындагы жарандардын менчигиндеги короолоруна менчик үлүш жерлериндеги эгиндерине кирип зыян келтирген мал жандыктарынын ээлерине жоопкерчилик көрүү үчүн атайын айып пул өлчөмүн белгилөө жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары күн тартибиндеги маселени карап жана кеңири талкуулап чыгып, аймактагы жарандардын талаптарын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын талаптарына ылайык айылдык кенеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы бардык айылдарда жарандардын менчигиндеги короолоруна, менчик үлүш жана мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага алган жерлериндеги эгин эгилген талааларына бак дарактарына зыян келтирген мал жандыктарынын ээлерине атайын түзүлгөн комиссиянын актысы менен, видеотасмага түшүрүп, келтирилген зыянды эсепке алуу менен
Бир баш жылкыга – 1500 (Бир миң беш жүз) сом;
Бир баш уйга, торпокко - 1000 (Бир миң) сом;
Бир баш койго, эчкиге – 500 (Беш жүз) сомдон айып пул төлөнсүн.
2. Комиссиянын курамына айылдын айыл башчысы, айылдык кенештин бир депутаты жана жергиликтүү тургундардан турган бир жарандын катышуусунда түзүлүп, тиешелүү органдарга тапшырылып, тиешелүү жыйынтык чыгарылсын.
3. Токтомдун бирден нускалары айыл башчыларына таркатылып берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |