Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (жетинчи шайланган) XII сессиясынын
2022-жылдын 4-апрели № 5
1941-1945-жылдары Улуу Ата мекендик согушта курман болгондорго арналган түбөлүк эстеликти айылдын башка көрүнүктүү жерине которуу жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары Кашкар-Кыштак айылынын айыл башчысы Абдурахманов Миршекердин айыл өкмөтүнүн макулдугу менен жана Ажр” фондунун демилгеси менен алардын эсебинен Кашкар-Кыштак айылынын мур дагы Карл Маркс атындагы колхозунун имаратынын жанында орнотулган 1941-1945-жылдарда Улуу Ата мекендик согушка катышып, курман болгондор го арналган эстеликти бүгүнкү күндө айылдын четирээк жеринде болгондуктан аны айылдын борборуна, көрүнүктүү болгон жерге көчүрүп ага кошумча, Афганистанда кызмат өтөп, курман болгондорго жана колхоз мезгилинде, андан кийинки мезгилдерде мамлекет үчүн кызмат өтөп, өтүп кеткен эмгек алдынкыларына кошуп тургузуу боюнча сунушун угуп жана талкуулап, айылдык кеңеши,
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. 1941-1945-жылдары Улуу Ата мекендик согушта курман болгон айыл аймагынын тургундарына арналган түбөлүк эстеликти айылдын четинде жайгашып калгандыктан аны айылдын борборуна көрүнүктүү болгон жерге көчүрүп, ага кошумча, Афганистанда кызмат өтөп, курман болгондордун жана мамлекетибиз үчүн ак эмгектери менен эмгектенип, өтүп кетишкен эмгек алдынкыларын кошуп орнотууга макулдук берилсин.
2. 1941-1945-жылдары Улуу Ата мекендик согушта курман болгондорго арналган түбөлүк эстеликтин орду эч кимге сатылбай, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине калтырылсын.
3. Бул эстеликти башка жерге жылдыруу боюнча акча каражат маселесин каржылоону өздөрүнүн эсебинен жүргүзүү боюнча “Ажр” фондунун демилгеси колдоого алынсын.
4. Бул эстеликти жылдырып, башка жерге орнотуу үчүн иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак-жай маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |