Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (жетинчи шайланган) XII сессиясынын
2022-жылдын 4-апрели №6
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2021-жылдын 23-октябрындагы октябрындагы VIII - сессиясынын №2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Депутаттар Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин катында көрсөтүлгөн айылдык кенештин токтомунун мотивациялык жана резолютивдик бөлүктөрүндө кетирилген кемчилдиктерди ондоо максатында Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамынын 17-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнүн талаптарына ылайык айылдык кенеш токтом кылат:
1.Токтомдун мотивациялык бөлүгүндөгү - ”Жеке ишкер Газиев Улугбек Кочкаровичтен Кашкар-Кыштак айылынын” – деген сөздөр – “Кашкар-Кыштак айылындагы Коттон-Текстил ишканасынын Кашкар-Кыштак айылынын” – деген сөздөр менен алмаштырылып;-
“Кашкар-Кыштак айылындагы “Коттон-Текстиль” ишканасынын Кашкар-Кыштак айылынын “Ош-Кара-Суу” унаа жолунун чыгыш тарабынан 4,10 га жер аянтына индустриалдык-логистикалык борбор өнөр жай обьекттери менен курууга уруксат сурап жазган арызын карап жана талкуулап чыккандан кийин, айылдын инфраструктурасын жакшыртуу, жумушчу орундарын түзүү жана калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 12-беренесинин 3-пунктуна жана 29-беренесинин 6-пунктуна, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндөгү” мыйзамынын 1-беренесинин 6-пунктуна ылайык” – деп окулсун.
2. Токтомдун резолютивдик бөлүгүнүн 1-пунктундагы – “Кашкар-Кыштак айылынын тургуну жеке ишкер Газиев Улугбек Кочкаровичтин 4(Торт га 10 сотых)” – деген сөздөр “Кашкар-Кыштак айылында курулган Коттон-Текстил ишканасынын сырьесун кайрадан иштеп чыгуу үчүн” – деген сөздөр менен алмаштырылып;
“Кашкар-Кыштак айылында курулган Коттон-Текстил ишканасынын сырьесун кайрадан иштеп чыгуу үчүн 4,10 га жер аянтына индустриалдык-логистикалык борбор өнөр жай обьекттери менен куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүүгө уруксат сурап жазган арызы канааттандырылсын.” – деп окулсун.
3. Токтомдун резолютивдик бөлүгүнүн 2-пунктундагы – “219а” – деген сөз – “219а-контурунда жайгашкан 2,20 га жер аянты, 220-контурунда жайгашкан 1,90 га жер аянты, жалпы” деген сөздөр менен алмаштырылып;
“Кашкар-Кыштак айылынын «Ош-Кара-Суу» унаа жолунунун чыгыш тарабындагы 219а-контурунда жайгашкан 2,20 га жер аянты, 220-контурунда жайгашкан 1,90 га жер аянты, жалпы 4,10 га сугат жерди айыл чарба жерлери категориясынан өнөр-жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка жерлердин категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.” – деп окулсун
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |