Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XI - сессиясынын
2022-жылдын 10-марты №1
Багыш айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлүгүн бекитүү, 2023-2024-жылдарга божомолу жѳнүндѳ
Багыш айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлүгүн бекитүү, 2023-2024-жылдарга божомолу жѳнүндѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Маматовдун сунушун угуп, талкуулап жана Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын 24.02.2022-жылдагы №3 протоколдук чечимин жетекчиликке алып, Багыш айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Багыш айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелери жалпы 28726,6 миң сом, анын ичинен жергиликтүү кирешелер 24226,6 миң сом, атайын каражаттар 4500,0 миң сом жана чыгашалары 28726,6 миң сом ѳлчѳмүндѳ №1 тиркеме ылайык аткарылышы бекитилсин.
2. Жерлигиктүү бюджеттин киреше бѳлүгүнүн божомолу 2023-жылга 30857,8 миң сом, 2024-жылга 30857,8 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
3. Айыл ѳкмѳтүнүн бюджеттик чыгымдары бѳлүмдѳр аралык жана статьялар аралык бѳлүнүшү 28726,6 миң сом ѳлчѳмүндѳ №2 тиркеме ылайык бекитилсин.
4. 2022-жылга электр энергиясынын лимити Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 20.06.2018-жылдагы №208-сандуу буйругуна ылайык бюджеттик мекеме-уюмдар боюнча бѳлүнүшү 652,3 миң квт ѳлчѳмүндѳ №3 тиркеме ылайык бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлоруна, балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.Коммуналдык кызматтар жана жумуштарын (кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн) аткарылган кѳлѳмдѳрү боюнча карыздарды ѳз убагында жабуу үчүн айыл ѳкмѳт башчысы кѳзѳмѳл жүргүзсүн.
5. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 27.12.2016-жылдагы №701 токтомуна ылайык күнүнѳ жергиликтүү бюджеттен кенже тайпаларга 13 сомдон, ортоңку жана жогорку тайпаларга 18 сомдон акча каражаты №4 тиркемеге ылайык 1892,6 миң сомго бекитилсин, атайын каражат тѳлѳмдѳрү (балдар бакчаларынын ата-энелер тарабынан жыйналуучу каражат) балдардын тамак-ашына жана башка чыгымдарына 4500,0 миң сом багытталып, казыналык система аркылуу №5 тиркемеге ылайык пайдаланылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Бюджетинин Кодексинин 24-статьясына ылайык жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду 250,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ белгиленсин жана аны пайдалануу багыты ушул Кодексте кѳрсѳтүлгѳн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
7. Айыл ѳкмѳтүнүн башкаруу бѳлүмүнүн типтүү түзүмү жана штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403, 01.03.2017-ж. №131 жана 07.08.2017-жылдагы №466 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы тѳлѳѳ шарттары жѳнүндѳ» токтомунун негизинде №6 тиркемеге ылайык, эмгек акы тѳлѳѳ фонду 5238,3 миң сом, соц.фонд 774,5 миң сом 32 штат бирдиги менен бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдын «Айылдык кенештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» №64 токтомуна ылайык Багыш айылдык кеңешинин чыгымдары жергиликтүү бюджет эсебинен эмгек акы 561,6 миң сом, соц.фонд тѳлѳмдѳрү 83,0 миң сом, кызматтык сапар чыгымдары 26,0 миң сом, 2214 беренесине 14,0 миң сом, 2215 беренесине 28,0 миң сом, 2222 беренесине 40,0 миң сом токтомдун №7 тиркемесине ылайык бекитилсин.
9. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн экономист-статисттин эмгек акысы жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү жѳнүндѳ мыйзамынын аткаруу максатында республикалык бюджет эсебинене 291,1 миң сом, соц.фонд тѳлѳмү 50,2 миң сом, 2211 беренесине 6,0 миң сом, 2222 беренесине 2,4 миң сом кѳлѳмүндѳ каржылануусу белгиленсин.
10. Жайыт пайдалануудан чогулуучу каражаттарды ѳндүрүү жагы жайыт комитетинин тѳрагасы К.Калдыбаевке милдеттендирилсин. Жайыт жерлерине социалдык взносторду тѳлѳѳ жагы жайыт жерлерди пайдалануучу ижарачыларга жүктѳлсүн жана жайыт пайдалануудан түшкѳн акча каражаттардын эсеби 675,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ №8 тиркеме ылайык жалпы жайыткомитетинин чыгашасы 493,3 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
11. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 31.01.2012-жылдагы №66 токтомунун негизинде айыл ѳкмѳтүнүн маданият кызматкерлеринин штаттык бирдиги №9 тиркеме ылайык кармалсын жана эмгек акы тѳлѳѳ фонду 906,5 миң сом ,соц.фонд тѳлѳмдѳрү 156,4 миң сом ѳлчѳмүндѳ 10 штат бирдиги менен бекитилсин.
12. Сапар чыгымдары Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 26.08.2008-жылдагы №471 жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 11.05.2016-жылдагы №241 токтомдоруна ылайык жумшалсын.
13. Айыл ѳкмѳтүнүн кызматтык автоунаасынын чыгымдары Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 30.12.2011-жылдагы №767 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 18.09.2006-жылдагы №672 токтомдоруна ылайык жумшалсын.
14. 2022-жылга башкаруу бѳлүмүнүн 2212 беренеси 70,0 миң сом, 2214 беренеси 303,4 миң сом, 2215 беренеси 3327,3 миң сом, 2221 беренеси 100,0 миң сом, чарбалык буюмдарды 2222 беренеси 150,6 миң сом, 2231 беренесине 14,4 миң сом, 3112 беренеси 80,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ №10 тиркеме ылайык бекитилсин.
15. 2022-жылга турак жай коммуналдык чарбасынын чыгымдары 2213 беренеси 2,0 миң сом, 2215 беренеси ар түрдүү чыгымдар суммасы 600,0 миң сом, 2221 беренеси 1050,0 миң сом, 2222 беренесине 5,0 миң сом, 3111 беренеси 3260,2 миң сом ѳлчѳмүндѳ №11 тиркеме ылайык бекитилсин.
16. 2022-жылга маданият бѳлүмүнүн чыгымдары №12 тиркеме ылайык 2211 беренеси 8,0 миң сом, 2215 беренеси 150,0 миң сом, 2221 беренеси 8,0 миң сом, 2222 беренесине 11,8 миң сом, 3112 беренесине 10,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
17. 2022-жылга билим берүү бѳлүмүнүн чыгымдары 2211 беренеси 45,0 миң сом, 2212 беренеси 40,0 миң сом, 2213 беренесине 360,0 миң сом, 2215 беренеси 709,5 миң сом, 2218 беренесине 1892,6 миң сом, 2221 беренеси 230,0 миң сом, 2222 беренеси 83,0 миң сом, кѳмүр сатып алуу 2224 беренеси 1245,0 миң сом, 2231 беренесине 105,7 миң сом, имараттар жана курулмалар чыгымдары 3111 беренеси 1105,8 миң сом ѳлчѳмүндѳ №13 тиркемелерге бекитилсин.
18. 2022-жылга элге социалдык коргоо бѳлүмүнүн чыгымдары 2721 беренеси 553,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ №14 тиркемеге ылайык бекитилсин.
19. Мектепке чейин билим берүу уюмдарындагы ата-энелерден 1 күн тѳлѳнүүчү каражат Кун-Нуру, Ай-Нуру, Разыбек жана Муратбек МЧББУ-ларга 45 сом ѳлчѳмүндѳ тѳлѳѳ белгиленип, чогулган акча каражаты бюджетке толугу менен тѳлѳнүп иштетүү жагы уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин, аталган тартип бузуулар аныкталса 100% республикалык бюджетке чегерүү белгиленсин.
20. Мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү аренда акылары жана салыктарды ѳз убагында толук ѳндүрүү жагын камсыз кылуу ага салык инспекторуна жеке милдеттендирилсин.
21. 2022-жылдын чыгаша бѳлүгүндѳ кѳрсѳтүлгѳн бюджеттин чыгымдарын аткаруу Кыргыз Республикасынын 03.04.2015-жылдагы «Мамлекеттик сатып алуулар жѳнүндѳгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Маматовго милдеттендирилсин.
22. Бекитилген бюджетке ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык жүргүзүлсүн.
23. Айылдарга иш-план боюнча бѳлүнгѳн каражаттардын МСА порталынан үнѳмдѳлгѳн кѳлѳмү, башка айылдардын чечилбей калган муктаждыктарына жумшоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Маматовго милдеттендирилсин.
24. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
25. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Тѳрага | Ж.Сейдахматов |