Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XI-сессиясынын
2022-жылдын 10-марты №3
Багыш айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата атайын каражаттардан калган калдыктарды бѳлүштүрүү жѳнүндѳ
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Маматовдун сунушун угуп, талкуулап жана Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын 24.02.2022-жылдагы №3 протоколдук чечимин жетекчиликке алып, Багыш айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Багыш айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсеп счетунда 2022-жылдын 01-январына карата 608,7 миң сом калган калдык, Багыш айыл ѳкмѳтүндѳ 2021-жылда аткарылбай калган жумуштарды аткаруу максатында тѳмѳндѳгүдѳй бѳлүнсүн:
70111- Башкаруу болумуно:
1.1. Компьютерге клавиша, клавиатура, шнур алуу (3112) - 2,5 миң сом
Бардыгы: - 2,5 мин сом
70911- Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине:
2.1. Имаратты ондоого (ашканасын) Кун-Нуру б.б - (2221) -100,0 миң сом
2.2. Разыбек м.ч.б.м. полдорун оңдоого (2221) - 67,1 миң сом
2.3. М.ч.б.м. кеңсе жана чарбалык товар алууга (2222) -167,1 миң сом
2.4. Кун-Нуру м.ч.б.м. кѳмүркана курууга (3111) -122,0 миң сом
2.5. Ай-Нуру м.ч.б.м. навес курууга (3111) - 80,0 миң сом
2.6. Ай-Нуру м.ч.б.м. отургуч алууга (3112) - 70,0 миң сом
Бардыгы: - 606,2 миң сом
Бардыгы: 608,7 миң сом акча каражаты бюджеттик классификацияга ылайык №1 тиркеменин негизинде бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Тѳрага | Ж.Сейдахматов |