Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XI-сессиясынын
2022-жылдын 10-марты №6
Багыш айыл өкмөтүнүн 24.01.2022-ж. №01-15/39 кайрылуусун кароо жѳнүндѳ
Багыш айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 24-январындагы №01/39 «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2019-2023-жылдарга стратегиялык ѳнүктүрүү планына ARIS «CASA-1000» долбоорунун негизинде даярдалган 3 айылдын долбоорлорун кошумча киргизип берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун карап жана талкуулап Багыш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2019-2023-жылдарга стратегиялык ѳнүктүрүү планына «CASA-1000» долбоорунун негизинде даярдалган Багыш айылына «Таза сууга скважина казуу», Кедей-Арык айылында жайгашкан «Т.Тайгараев мектебине ашкана куруу», Беш-Бала айылында жайгашкан «Айылдын ичиндеги трансформаторлорду жаңылоо» долбоорлору кошумча катары киргизүүгѳ уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Багыш айылдык кеңешинин орун басары А.Акматовго жүктөлсүн.
3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Тѳрага | Ж.Сейдахматов |