Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XI-сессиясынын
2022-жылдын 10-марты №8
Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Багыш» жайыт комитетинин 21.02.2022-ж. № 5 кайрылуусун кароо жѳнүндѳ
Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Багыш» жайыт комитетинин 21.02.2022-ж. № 5 «Багыш айыл аймагынын жайлоолоруна чыгуучу малдардын тарифтерин берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун карап жана талкуулап Багыш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн тургундарына 1,0 коэффицент: кара мал, жылкы, эшек 1 башка 120 сомдон, кой-эчки 1 башка 20 сомдон, жети айга чейинки торпок жана кулундарга 1 башка 84 сомдон, ал эми башка аймактын тургундарына 1,5 коэффицент: кара мал, жылкы, эшек 1 башка 180 сомдон, кой-эчки 1 башка 36 сомдон, жети айга чейинки торпок жана кулундарга 1 башка 126 сомдон мал башына тарифтер бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Багыш» жайыт комитетинин тѳрагасы К.Калдыбаевге жүктѳлсүн.
3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Тѳрага | Ж.Сейдахматов |