Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясынын
2022-жылдын 29-марты №16
27.09.2019-жылдагы “Кыргызалтын” ААКсы менен «Мансон Групп» ЖЧКанын ортосунда биргеликте түзүлгөн макулдашууга ылайык 6.2.4 беренесинде көрсөтүлгөн №1-калдык сактоочу жайынын убактылуу рекультивация боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу жана 04.09.2019-жылдагы «Макмал Голд Компани» ЖЧКасы менен социалдык колдоо жана шериктештик, өз ара кызматташтык боюнча түзүлгөн БАШКЫ МАКУЛДАШУУДА көрсөтүлгөн соцпакеттер боюнча маалыматын угуу
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Өнөр жай, курулуш, байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. «Макмал Голд Компани» ЖЧКнын директору Сю Лин мырзанын кезектеги VIII сессияга келип, 27.09.2019-жылдагы “Кыргызалтын” ААКсы менен «Мансон Групп» ЖЧКанын ортосунда биргеликте түзүлгөн макулдашууга ылайык 6.2.4 беренесинде көрсөтүлгөн №1-калдык сактоочу жайынын убактылуу рекультивация боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу жана 04.09.2019-жылдагы «Макмал Голд Компани» ЖЧКасы менен социалдык колдоо жана шериктештик, өз ара кызматташтык боюнча түзүлгөн БАШКЫ МАКУЛДАШУУДА көрсөтүлгөн соцпакеттер боюнча маалымат бергендиги белгиленсин.
2. 27.09.2019-жылдагы “Кыргызалтын” ААКсы менен «Мансон Групп» ЖЧКанын ортосунда биргеликте түзүлгөн макулдашуудагы 6.2.4 беренесинде көрсөтүлгөн милдеттерин так аткарбай, №1-калдык сактоочу жайынын убактылуу рекультивация (чаң басты) боюнча иштери жүргүзүлбөй келгендиги белгиленсин.
3. 27.09.2019-жылдагы “Кыргызалтын” ААКсы менен «Мансон Групп» ЖЧКанын ортосунда биргеликте түзүлгөн макулдашууга ылайык 6.2.4 пунктунда көрсөтүлгөн №1 калдыктарды сактоочу жайдын үстүңкү катмарын чаңдатпоо максатында “убактылуу рекультивация” иш-чараларын аткаруу үчүн уюшулган суу түтүкчөлөрү аркылуу суу кое берилишин үзгүлтүксүз жүргүзүп туруу жагы «Макмал Голд Компани» ЖЧКнын директору Сю Линге тапшырылсын.
4. 04.09.2019-жылдагы «Макмал Голд Компани» ЖЧКасы менен социалдык колдоо жана шериктештик, өз ара кызматташтык боюнча түзүлгөн БАШКЫ МАКУЛДАШУУДА көрсөтүлгөн соцпакеттердеги пункттарга ылайык толук кандуу аткарылбай жаткандыгы белгиленсин.
5. “Ой Кайың” участкасынан Макмал карьерине чейинки автоунаа жолуна буга чейин чаңдатпоо максатында үзгүлтүксүз суу сээп туруу иштери жүргүзүлбөй, экологияга зыян келтирилип жаткандыгы белгиленсин.
6. «Макмал Голд Компани» ЖЧКсынан Макмал участкасына чейинки автоунаа жолун оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жана “Ой Кайың” участкасынан Макмал карьерине чейинки автоунаа жолуна чаңдатпоо максатында үзгүлтүксүз суу сээп туруу иштерин аткаруу жагы «Макмал Голд Компани» ЖЧКнын башкы директору Сю Линге тапшырылсын.
7. Айлана - чөйрөнү коргоодогу экологиялык, өндүрүштүк, коопсуздук, технологиялык эрежелерин сактоо жагы «Макмал Голд Компани» ЖЧКнын директору Сю Линге жүктөлсүн.
8. 27.09.2019-жылдагы “Кыргызалтын” ААКсы менен «Мансон Групп» ЖЧКанын ортосунда биргеликте түзүлгөн макулдашууга ылайык 6.2.4 беренесинде көрсөтүлгөн №1-калдык сактоочу жайынын убактылуу рекультивация боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу жана 04.09.2019-жылдагы «Макмал Голд Компани» ЖЧКасы менен социалдык колдоо жана шериктештик, өз ара кызматташтык боюнча түзүлгөн БАШКЫ МАКУЛДАШУУДА көрсөтүлгөн соцпакеттер боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу жергиликтүү кеңешке кварталына бир жолу маалымат берип туруу жагы «Макмал Голд Компани» ЖЧКнын директору Сю Линге жүктөлсүн.
9. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
10. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
11. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык Кеңешинин “Өнөр жай, курулуш, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге жана «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |