Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 2-сессиясынын
2021-жылдын 31-майы №4
Ак-Суу,Алга айылдарында милициянын участкалык пунктун куруу үчүн жер участогун ажыратып берүү жөнүндө
Лейлек райондук ички иштер башкармалыгынын 2021-жылдын 11-майындагы №34-1/1346-катынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Бабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Лейлек райондук ички иштер башкармалыгынын 2021-жылдын 11-майындагы №34-1/1346-катынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Бабаевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.(билдирүү тиркелет)
2. Ак-Суу айылынан канторанын алдынан 8-03-01-1001-0499-код менен катталган 3768,0м2 жерден 800м2 жер,Алга айылынан Э.Матмурадов атындагы орто мектебинин жеринен, 8-03-01-1002-0102 коду менен катталган 16664,1м2 жерден 1000м2 жер участогун бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3.Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү Ак-Суу,Алга айылдарына курулуучу милициянын участкалык пунктуна берилген жерлер Лейлек РИИБнүн балансына мыйзам чегинде өткөрүлүп берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Бабаевге жана жерге жайгаштыруу боюнча депутаттардын туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кобиловго тапшырылсын.
Ак-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Р.Саматов |