Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
2021-жылдын 12-майы №1
Ак-Суу айылдык КеңешининVII чакырылышынын депутаттарына депутаттык күбөлүгүн жана төш белгилерин тапшыруу жөнүндө
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-апрелиндеги №151-чечими жана Лейлек АШКнын 2021-жылдын 07-майындагы №87-чечиминин негизинде Лейлек Аймактык Шайлоо Комиссиясынын төрагасы А.Рахмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Лейлек Аймактык Шайлоо Комиссиясынын төрагасы А.Рахмановдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-апрелиндеги №151-чечими жана Лейлек АШКнын 2021-жылдын 07-майындагы №87-чечиминин негизинде көрсөтүлгөн атуулдар Ак-Суу айылдык КеңешининVII чакырылышынын депутаттары болуп дайындалсын.(тиркеме тиркелет).
3. Ак-Суу айылдык КеңешининVII чакырылышынын депутаттарына адилеттүү,мыйзам чегинде иш алып баруу жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык Кеңешинин төрагасына тапшырылсын.
Ак-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Р.Саматов |