Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясынын
2022-жылдын 29-марты №17
Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “МТС” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата иш планын, сметасын, тарифин бекитүү жана жазгы айдап-себүүгө карата даярдыгы жөнүндө маалыматын угуу
Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Касымбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Касымбековдун 2022-жылга жазгы айдап-себүүгө карата даярдыгы жөнүндө маалыматы угулгандыгы белгиленсин.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “МТС” муниципалдык ишканасынын ишин алып баруу, уюштуруу иштери ишкананын жетекчиси А.Касымбековго жана жалпы ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге милдеттендирилсин.
3. “МТС” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата түзүлгөн иш планы, сметасы жана техникалардын кызмат көрсөтүү акысы (тарифи) бекитилсин.
4. “МТС” муниципалдык ишканасына 2022-жылдын бюджетинде каралган 550,0 миң сом субсидия катары бөлүнгөн акча каражатына айдала турган буудайды көзөмөлдөө үчүн курамы 7 кишиден турган убактылуу депутаттык комиссия түзүлсүн.
5. Каргалык айылдык кеңеши тарабынан түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын курамына; А.Баатырбек уулу, Э.Казыбеков, Н.Азизбек уулу, А.Рахат уулу, Н.Жолокеев, С.Мукашов жана Б.Бекташовдор киргизилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
7. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскарга милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |