Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясынын
2022-жылдын 29-марты №18
Каргалык айыл аймагынын “Жайыт” комитетинин 2022-жылга карата иш планын, сметасын, тарифин, келишимин бекитүү жөнүндө
“Жайыт” комитетинин төрагасы А.Апиевдин “Жайыт” комитетинин 2022-жылга карата иш планын, сметасын, тарифин, келишимин бекитүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Каргалык айыл аймагынын “Жайыт” комитетинин төрагасы А.Апиевге Каргалык айылдык кеңешинин 2022-жылга карата бекитип берген иш-планына ылайык иш алып баруусу милдеттендирилсин.
2. Каргалык айыл аймагынын “Жайыт” комитетинин жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча 2022-жылга карата бир жылдык планы жана бюджети 580,0 миң сом, иш-чаралар планы, ЖПБ/ЖКнын ички тартип эрежелери, жайыт билети, жайыт пайдалануу акысы, жайыт акыны чогултуу графиги, элге кызмат көрсөтүү боюнча акылары (тарифтери) жана келишимдери бекитилсин.
3. 2022-жылга карата жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
- ири мүйүздүү малга - 50 сом;
- жаш бодого - 35 сом;
- кой, эчкилерге - 10 сом;
- жылкыга - 50 сом.
4. Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагына башка райондордон, айыл аймактардан келип, келишим боюнча мал багуучуларга;
- ири мүйүздүү малга - 250 сом,
- кой-эчкилерге - 80 сом,
- жылкыга - 250 сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Каргалык айыл аймагындагы бадачылардын баккан малына төмөндөгүдөй тартипте акы (тариф) бекитилсин;
- ири мүйүздүү мал багуучуларга туягына - 350 сом,
- кой-эчки багуучуларга туягына - 70 сом.
6. 2022-жылдын 1-апрелинен баштап, Каргалык айыл аймагына караштуу чөп чабынды, айдоо аянттарын коруу, малга тебелетпөө иштери активдүү жүргүзүлсүн.
7. Ортоңку жайыттарга көчүрүү иштери 10-апрелден 20-апрелге чейин, алыскы жайыттарга көчүрүү иштери 1-майдан 1-июнга чейин жүргүзүлүп, күзгү жайыт мезгили 15-ноябрда аякталсын.
8. Айылдарда жана көчө-көчөлөр боюнча бадалар уюштурулуп, айыл ичинде ар бир кожолукта эки баштан ашык уй кармалбасын.
9. Каргалык айыл аймагындагы үч жүздөн ашык кой, элүүдөн ашык ую бар чоң фермерлерди жана көп мал алып баккан бадачыларды алыскы Ак-Козунун белине, Кылдоонун белине, Бычан, Миң-Жылкы жайлоосуна чыгаруу жагы колго алынсын.
10. Каргалык айыл аймагындагы көп мал баккан малчыларды жаздоо, күздөө мезгилинде “Чоң-Таш”, “Кеңкырчын”, “Моло”, “Кара-Суу” жана “Ичке-Суу” участкаларына көчүрүү жагы колго алынсын.
11. Менчиктин түрүнө карабастан табигый эгилме жайыт жерлерин которуштуруп пайдалануу талабына ылайык тыныктырууга бөлүнгөн жайыттарга мөөнөтүнөн мурда конууга, мал жаюуга, ошондой эле айдоо аянттарын тийиштүү уруксат албастан мал айдап, ар кандай техникалардын түрлөрү менен тебелетип өтсө, жазында көрсөтүлгөн мөөнөттө көчүп кетпесе, 15-октябрдан мурун көчүп келип графикти, ички тартип эрежелерди бузса Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндөгү” Кодексинин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жайытты убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү келишимдин негизинде чаралар көрүлөрү жана айыптар салынары эскертилсин.
12. Ортонку жайыттын жеринен тоют топтоого ашыкча чөп чаап алууга тыюу салынсын жана көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы А.Апиевге милдеттендирилсин.
13. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Апиевге, Казарман айылынын айыл башчысы С.Кыдырбаевге, Чет-Булак айылынын айыл башчысы Н.Балапановго, участкалык инспектор К.Токтоналиев, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрү Ш.Садыкбаевге, М.Турдубековго милдеттендирилсин.
14. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
15. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскарга милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |