Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясынын
2022-жылдын 29-марты №19
“Таза суу” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата иш планын, сметасын, тарифин бекитүү жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Өнөр жай, курулуш, байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. 02.12.2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” №541 Жарлыгына, 04.03.2022-жылдагы Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясынын №7 токтомунун 3-пунктуна жана
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн 24.03.2022-жылдагы №57-буйругуна ылайык, Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын алдында
3. “Казарман, водхоз Таза-суу” жана “Чет-Булак Таза-суу” бөлүмү болуп түзүлсүн.
4. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын алдында түзүлгөн “Казарман, водхоз Таза-суу” жана “Чет-Булак Таза-суу” бөлүмүнө жетекчилик кылуу жагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын директору М.Казиевге милдеттендирилсин.
5. 2022-жылдын 20-апрелине чейин “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын алдында түзүлгөн “Казарман, водхоз Таза-суу” жана “Чет-Булак Таза-суу” бөлүмүнүн тиешелүү тетиктерин жана финансалык документтерин “Таза-кызмат” муниципалдык ишканасына тактап өткөрүп берип, көзөмөлдөө жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге жана өткөрүп алуу жагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын “Казарман, водхоз Таза-суу” жана “Чет-Булак Таза-суу” бөлүмүнүн жетекчиси М.Казиевге милдеттендирилсин.
6. “Казарман, водхоз Таза-суу” жана “Чет-Булак Таза-суу” боюнча 2022-жылга карата тарифи толук кандуу иштелип чыкпагандыгына байлыныштуу мурдагы эски тарифтин негизинде иш алынып барылсын жана жаңы тарифти мыйзамдын талабына шайкеш келтирип иштеп чыгып, кийинки сессияга чыгаруу жагы «Өнөр жай, курулуш, байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
8. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Өнөр жай, курулуш, байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |