Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясынын
2022-жылдын 29-марты №20
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 24-мартындагы №19 чыгыш сандуу (ички арыктар, тротуарлар боюнча) катын кароо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Дүйшөбаев Нурландын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Каргалык айыл аймагына караштуу Чет-Булак айылынын, М.Жаңыбаева, Тоголок Молдо, И.Кадыркулов, Т.Кожалиев, Я.Бердалиев, Ж.Акимбаев атындагы көчөлөрүнүн ички арыктарынын ирригациясын жана жөө жүрүүчү жолдун ИТУ, АПУларынын долбоорун жасоо жагы каралсын.
2. “Нур жайык” кичи шаарчасынын түштүк жагындагы айча жолдун Нарын суу тарабындагы жээгине электр лампалары коюлуучу карагайларды орнотууда тоскоолдуктар болбос үчүн жөө жүрүүчү жолдун ИТУ, АПУларынын долбоорун жасоо жагы каралсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
6.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |