Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 11 - кезектүү сессиясынын
2022-жылдын 27-январы №10
Казыбек айылындагы «Бусурманкул» атындагы парк жөнүндө
Казыбек айылынын тургундарынын «Бусурманкул» атындагы парктын айланасын толук тосуу жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде, Д.Абдыразаковдун мурдагы чыгарып алган кызыл китебин жокко чыгаруу максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1.Казыбек айылынын тургуну Д.Абдыразаковдун «Бусурманкул» атындагы паркка тиешелүү жерине мурдакы чыгарып алган кызыл китеби жокко чыгарылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Кайыпов |