Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 11-кезектүү сессиясынын
2022-жылдын 27-январы № 11
Казыбек айылынын тургуну Жунусбеков Кубанычбектин арызы жөнүндө
Казыбек айылынын тургуну Жунусбеков Кубанычбектин (21.08.2015-ж Казыбек айылдык Кеңешинин 7-шайланышынын 12-кезексиз сессиясынын №2 Токтому) өзү жашап жаткан көчөнүн аты, атасы Жунусбеков Казыбай атындагы көчө деп атын берүү боюнча кайрылган арызын канааттандыруу максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1.Казыбек айылынын тургуну Жунусбеков Кубанычбек өзү жашап жаткан көчөнүн аты мурда туура эмес берилгендиктен «Жунусбеков Казыбай» атындагы көчө болуп бекитилсин.
2.Көчөгө аты берилген жарандын балдары жана туугандары ошол көчөнүн ремонтуна жана суу өтүүчү трубаларына жардам берип туруусу сунушталсын.
3.Көчөнү аныктап,айыл өкмөтүнүн чечимин,токтомун чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүнүн турак-жай боюнча комиссиянын төрагасы М.Ибраевге милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Кайыпов |