Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 11 - кезектүү сессиясынын
2022-жылдын 27-январы № 9
2022-жылда боло турган Эл жана турак-жай фондун каттоо жөнүндө
Казыбек айыл аймагында боло турган Эл жана турак-жай фондун каттоого даярдануу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлдүрүү максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. 2022-жылдагы апрель,май айларындагы боло турган Эл жана турак-жай фондун каттоого даярдануу үчүн көчөлөргө табличка, баннерлер жана конц. товар алууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 46740 (кырк алты миң жети жүз кырк) сом бөлүнүп берилсин.
2. Казыбек айыл өкмөтүнүн турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адиси Ибраев Майрамбекке сметасын түздүрүп тендерге жарыялоого документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын жеңүүчү фирмага которуп жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э. Керималиевага жүктөлсүн
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д.Кайыпов |