Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 11-кезектүү сессиясынын
2022-жылдын 27-январы №2/1
Казыбек айылындагы «Бусурманкул» атындагы парк жөнүндө
Казыбек айылынын тургундарынын «Бусурманкул» атындагы парктын тосулбай калган бөлүгүн толук тосуп бүткөрүү жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде , айылдык Кеңеш токтом кылат:
1.Казыбек айылындагы «Бусурманкул» атындагы парктын тосулбай ачык турган жерин толук бүткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 270000(эки жүз жетимиш миң) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.«Бусурманкул» атындагы парктын тосулбай калган бөлүгүн толук тосуп бүткөрүү жагы маданият үйүнүн башчысы А.Томотоевго жүктөлсүн.
3. Бөлүнгөн акча каражатын тендерге жарыялап,уткан фирмага которуп берүү жагы ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге сунушталсын.
Төрага | Д.Кайыпов |