Загрузка документа…
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 10-февралы №12/3
Чүй айыл өкмөтүнүн 2021 – жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттен калган калдыктарды 2022 – жылга колдонуу тууралуу
Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын м.а К. Джумадилованын маалыматын угуп жана 2021– жылдын жыйынтыгы менен Чүй айыл өкмөтүнүн 2022 – жылдын 1 – январына карата жергиликтүү бюджетинен 9000,0 мл сом акча каражатынын калдыгын Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 34-беренесинин 2 – бөлүмчөсүнө ылайык төмөндөгү бөлүмдөргө бөлүштүрүү тууралуу Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу, Чүй айыл өкмөтүнө насыялардын беренелерин которууга макулдук берилсин жана бекитилсин.
Турмуш-тиричилик бөлүмү
3111 “Имараттар жана курулуштар” 9000,0 мл сом
Баардыгы: 9000,0 мл сом.
Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С. Джанузаковага жүктөлсүн.
Төрага | Р.Алиев |