Загрузка документа…
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 10-февралы №12/4
2022- жылга карата Чүй айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүн, 2022-2023- жылга карата жергиликтүү бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө
Чүй айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 11 – сессиясында Чүй айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Джумадилова Калиянын маалыматын угуп жана талкуулап, 2023-2024-жылдарга бюджеттин божомолун Кыргыз Республикасынын «Бюджет Кодексинин» 102-беренесине, 78-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, 2022-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн, 2023-2024-жылга карата бюджеттин божомолун бекитүү боюнча Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети атайын каражаттарын кошкондо 2022 -жылга 48 184,4 миң сом, 2023-жылга божомолу 49,443,2 миң сом, 2024-жылга божомолу 50 363,3 миң сом киреше кварталдык бөлүштүрүү бекитилсин.
2.Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүмүн 2022-жылда каржылоодо биринчилерден корголгон беренелер( айлык маяналар, социалдык фондко чегерүүлөр), коммуналдык тейлөөлөр жана көмүр сатып алуу андан тышкары карыздарын төлөө каралсын.
3.Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү аткарылбай калса, же ашыгы менен аткарылса райондук финансы башкармалыгынын макулдугу менен каржы-экономикалык жана бюджеттик комитетинин отурумунда каралып, киреше жана чыгаша бөлүмүнө алымча-кошумчалар киргизилсин.
4.Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн каржылоодо айыл өкмөтүнүн муктаждыгына байланыштуу райондук каржы башкармалыгынын макулдугу менен каржы-экономикалык жана бюджеттик комитетинин отурумунда каралып, жергиликтүү кеңештин чечими менен кварталдан кварталга, бөлүмдөн бөлүмгө, беренеден беренеге жылдырылып берилсин.
5. Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Джумадиловага:
- Чүй айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин аткаруу процессинде, экономикалык кырдаалга жараша Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги менен 2022-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча планды тактоо боюнча иштерди квартал сайын жүргүзсүн;
- Жергиликтүү бюджетти аткаруунун жүрүшүндө, жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү аткарылбаганда жана ашык аткарылган учурда, жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүн оңдоп- түзөөгө уруксаат берилсин.
6.Чүй айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн башкы адиси С.Сансызбаевага:
- экономиканын көмүскө секторун мыйзамдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен салыктарды жана төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча чараларды кабыл алсын.;
- салыктык жана салыктык эмес кирешелердин баардык түрлөрү боюнча бекитилген пландардын ай сайын аткарылышы камсыздасын;
- жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр калдыктарын кыскартуу боюнча иштерди күчөтсүн.
7.Айыл өкмөтүнүн атайын каражаттарын казына системасынан тышкары колдонууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартипти бузган учурда атайын каражаттардын жүз пайызы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынсын. Көзөмөлдөө жагы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Джумадиловага милдеттендирилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин талаптарына ылайык коммуналдык кызматтар боюнча ( суу, электрэнергияга, жылуулук энергияга, байланыш кызматы үчүн төлөм) коюлган ченемдин катуу кармалуусуна каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Джумадиловага милдеттендирилсин.
9. Чүй айыл өкмөтүнүн бекитилген чыгаша жана киреше бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлгө алуу Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулаймановго жүктөлсүн
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чүй айылдык кеңешинин каржы-экономика жана бюджет комитетинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Алиев |