Загрузка документа…
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-февралы №13/2
Чүй айыл аймагында жайгашкан жер участогун «Айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлер категориясынан» «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлерине жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Чүй айыл аймагында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлерине жана башка максаттардагы жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) берилген материалдарды жана жерди бир категориядан экинчисине которуу боюнча Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиянын 2022-жылдын 18-февралындагы корутундусуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №169-токтому менен бекитилген 2014-жылдын 19-июнундагы «Жер участокторун трансформациялоо жөнүндөгү» убактылуу жобосуна, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй айыл өкмөтүнүн 410-контурунда жайгашкан 21000 кв.м (2,1) га жерге бардык заманбап технологиялык стандарттарды эске алып, Чүй районунун жана Токмок шаарынын экологиясын сактоо менен автомобилге газ толтуруучу компрессордук станциясын (АГТКС) куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлери категориясынан», «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлерине жана башка максаттардагы жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Чүй-Токмок филиалынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу адиси Ж.Э.Айталиев тарабынан түзүлгөн эсеп боюнча, айыл чарба багытындагы жерлерди трансформациялоо учурундагы айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынан жана алынбай калган пайданын наркы 3 326 400 сомду жана ошондой эле 365 904 сомду түздү. Алынбай калган пайданын наркын төлөө «Гранд Рилайз» ЖЧКсына милдеттендирилсин.
3.Чүй айыл өкмөтүнүн 410-контурунда жайгашкан жалпы аянты 21000 кв.м. жерди «Айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлери» категориясынан, «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлерине жана башка максаттардагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жагы Чүй райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Э. Сакаевге жана каржы-экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жүктөлсүн.
Төрага | Р.Алиев |