Загрузка документа…
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-февралы №13/3
«Кристалл» мамлекеттик ишканасы жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулаймановдун «Кристалл» мамлекеттик ишканасын "Чүй айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндөгү" маалыматын угуп жана иш-кагаздары менен таанышып, депутаттардын ой пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын "Өз алдынча башкаруу" Мыйзамынын 34 - беренесине ылайык Чүй айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кристалл» мамлекеттик ишканасын Чүй айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик ишканасына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулаймановго «Кристалл» мамлекеттик ишканасын Чүй айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик ишканасына өткөрүү үчүн керек болгон иш кагаздарын даярдоо жана жөнөтүү иши милдеттендирилсин. «Кристалл» мамлекеттик ишканасынын кредитордук жана дебитордук карыздары менен муниципалдык менчикке өткөрүлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Чүй айылдык кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жүктөлсүн.
Төрага | Р.Алиев |