Загрузка документа…
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-февралы №13/10
Чүй айыл өкмөтүнүн балансына жер тилкесин кабыл алуу жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн мурдагы №1 МТФ аймагында жайгашкан өндүрүштүк база үчүн жер тилкесинин берилген материалдарын карап чыгып жана бирдиктүү терезе аркылуу чогултулган мамлекеттик аймактык структуранын оң корутундусуна , ошондой эле Чүй райондук шаар куруу башкармалыгынын 2020-жылдын 24-декабрындагы №305-20 жер тилкесинин бекитилген планына, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25-беренесинин 2-б, 34-беренесинин 5-б, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына жана 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү ” мыйзамдын 39-беренесине ылайык Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл аймагынын мурдагы №1 МТФ аймагында жайгашкан өндүрүштүк база үчүн 2675,0м2 га жер тилкеси Чүй айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстрары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалында белгиленген тартипте жер тилкесин мөөнөтсүз (жер тилкесине пайдалануу мөөнөтүн көрсөтүүсүз) пайдалануу укугуна мамлекеттик актысын алуу жана жер тилкесинин баасын көз карандысыз баалоочу тарабынан баалоо иштеринин жүргүзүлүшү, аны муниципалдык менчиктин реестрине киргизүү Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулаймановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чүй айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Э.Сакаевге жүктөлсүн.
Төрага | Р.Алиев |