Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 29-январы № 29/4
«Жаны-Жол айыл окмотунун 2020-жылдын аткарылышы жана 2021-жылга калган калдык акча каражатын бөлү жөнүндө»
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Н. Үркүнбай уулунун 2020-жылдын аткарылышын жана 2021-жылга калган калдык акча каражатын бөлү жөнүндө билдирүүсүн,бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектүү XXIХ-сессиясы токтом кылат.
1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы жыл башындагы пландан сырткары кошумча уводемлениелер менен канаттандырарлык деп табылсын.
2. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын киреше бөлүгүнөн 2021-жылга калган 1847,1(Бир миллион сегиз жүз кырк жетти мин бир жүз) сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй тартипте:
- Жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү 200,0 миң сом.
- МЧС үчүн 300,0 миң сом.
- Грейдр алуу үчүн өздүк салымга 250,0 миң сом.
- Дандуу булак жана бак көчөлөрүндөгү ички жолдорду шагалдоо үчүн 100,0 миң сом.
- Карагансай участкасындагы тешик арыкты оңдоо үчүн 150,0 миң сом.
- ( Проектилер) үчүн 300,0 миң сом .
- Компьютер жана принтер сатып алуу үчүн 100,0 миң сом.
- Бел орук жолун шагалдоо үчүн 50,0 миң сом.
-Резерв ротага 30,0 миң сом
-Таштак айылына түнкү жарыктандырууну куруу үчүн-150 миң сом.
- Жаңы-Жол айыл өкмөтүндөгү ички арыктарга цемент алууга 30,0 миң сом.
-Терс айылдагы ФАПты ремонтоо үчүн 100 миң сом.
- Акордеон алуу үчүн 40 миң сом.
- Вет адиске ачактын ордун оңдоо үчүн 47,1 миң
Жалпысы: 1847,1 (Бир миллион сегиз жүз кырк жети миң бир жүз) сом жумшалсын.
3. Жогорудагы акча каражатын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
5. Токтом Jany-jol.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жаӊы-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы | Н.Калпаков |