Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектүү XXIХ-сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 29-6
“Жаӊы-Жол айылынын булун участкасында Т.Собурбеков куруп жаткан көпүрө жѳнүндѳ”
Күн тартибиндегиЖаӊы-Жол айылынын булун участкасында Т.Собурбеков куруп жаткан көпүрө жѳнүндѳ айылдык Кеӊештин тѳрагасы Н.Калпаковду, мыйзамдуулук жана укук маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Кулматовдун билдирүлөлөрүн угуп, талкуулап жергиликтуу айылдык Кеӊешинин VII-чакырылышынын кезектүү ХXIX-сессиясы токтом кылат:
1. Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 04-январында атайын түзүлгөн комиссиянын жана Кой-Таш айылынын тургундарынын чечиминин негизинде булун участкасында карасуу дарыясына Ак-Жол айыл өкмөтүнүн тургуну Т.Собурбековдун жеке кызыкчылыгы үчүн мыйзамсыз куруп жаткан көпүрөсү токтотулсун.
2. Кой-Таш айылынын Үнкүр кечүү участкасында жайгашкан 18 га үлүш жерге жана 16 кожолукка суу алып баруучу арыкка келтирген зыяндуулукту калыбына келтирүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Булун участкасындагы дариянын жээгинде пайдаланып жаткан жерлердин мыйзамдуулугун кароо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
5. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Жаӊы-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы | Н.Калпаков |