Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектүү XXIХ-сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 29-7
“Жаңы-Жол өкмөтүнүн 2019-жылы Таштак,Жаңы-Жол айылдарына таза суу долбоорун ишке ашырууда кожолуктарга киргизүү боюнча муниципалдык ишкананын (МУП) кызмат көрсөтүү прейскурантын бекитүү жөнүндө”
Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаны-Жол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХIХ-сессиясы токтом кылат:
1. Жаңы-Жол өкмөтүнүн 2019-жылы Таштак,Жаңы-Жол айылдарына таза суу долбоорун ишке ашырууда кожолуктарга киргизүү боюнча муниципалдык ишкананын кызмат көрсөтүү прейскуранты бекитилсин.
2. Жогорудагы Таза суу долбоорун ишке ашырууда МУП жергиликтүү жааматтын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кеӊештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктѳлсүн.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Жаӊы-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы | Н.Калпаков |