Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХX-сессиясы
2021-жылдын 24-марты № 30-1
“Жаӊы-Жол айыл аймагындагы жеке менчик малдарды жайыттарга чыгаруу жана жайлоодон көчүп келүү мөөнөтүн,бада төлөмүн бекитүү жөнүңдө”
Жаӊы-Жол айыл аймагындагы айылдарда ѳткѳн чогулуштардын жыйынтыгы боюнча, айыл чарба туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХX-сессиясы токтом кылат:
1.Жазгы,жайкы жайыттарга малдын кѳчүүсү-30.04-05.05.2021-жылга жана Жаңы-Жол айылынын жайлоосунан кѳчүп келүү 01.09.2021 жылга , Кой-Таш айылы үчүн 01.09.2021-жылга белгиленсин.биринчи айдын төлөмү жайыт пулу менен каралсын.
2.Бада тѳлѳмү—жандыкка-70 сом, туз ээлеринен.кара малга-450 сом,тузу мал ээсинен.Кой,эчки жоголсо ордуна башына баш ,козу,улакка базар баасынын жарым баасы менен тѳлѳнүп берилсин. Күзгү бада тѳлѳмү өзара чечилсин. Күзгү бада алган бадачылар айыл ичинен сырткары, жакынкы жайыттарга отурушсун.
3.Бадачыларга жайыттарды бѳлүштүрүп берүү жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы Ж.Субанкуловко жүктѳлсүн.
4.Жер айдоо акысы-үлүш жерлерге—50 сомдон,менчик огороддорго—60 сомдон белгиленсин.
5.Жогорудагы белгиленген бааны , кѳчүп чыгуу, келүү мѳѳнѳтүн бузгандарга жана эгин аянттарын, чѳп чабындыларды майкандаган малга малдарга түзүлгѳн актынын негизинде бузуулар Кодексинин талаптарына ылайык штраф чара кѳрүү жагы жана айыл өкмөттөр аралык келишимсиз келген чочун малдарга жайыт жерди эррозияга үчүратып жаткан малдарга жылкыга ,КРС ге бузуулар кодексинин талаптарына ылайык айып пул каралсын. Чара кѳрүү жагы жайыт пайдалануучулар комитетинин башчысына жүктѳлсүн.
6.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7.Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмийжарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Жаӊы-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы | Н.Калпаков |