Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектүү XXХ-сессиясы
2021-жылдын 24-марты № 30-2
Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылынын Арал участкасында жайгашкан кичи футболдук аянтчага Жаңы-Жол айылынын тургуну маркум Орозбек уулу Нурланбекке ысымын ыйгаруу жөнүндө”
Күн тартибиндеги Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол Арал участкасында жайгашкан кичи футболдук аянтчага Жаңы-Жол айылынын тургуну маркум Орозбек уулу Нурланбекке ысымын ыйгаруу жөнүндө Жаңы-Жол айылдык жаштардын жана мыизамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүусүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектүү XXX- сессиясы токтом кылат:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол Арал участкасында жайгашкан кичи футболдук аянтчага Жаңы-Жол айылынын тургуну маркум Орозбек уулу Нурланбекке ысымын ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана укуктук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сдйтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
Жаӊы-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы | Н.Калпаков |