Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү 2-сессиясы
2021-жылдын 24-майы № 2-2
“Жаӊы-Жол айылынын булун участкасындагы мыйзамсыз салынган көпүрө жөнүндө айылдык кенешинин 29.01.2021-жылдагы № 29/1 сессиянын чечимин аткаруу боюнча”
Күн тартибиндеги Жаӊы-Жол айылынын булун участкасында мыйзамсыз салынган көпүрө жѳнүндѳ боюнча айылдык Кеӊештин тѳрагасы К.Бейшеналиев, мыйзамдуулук жана укук маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Кочкорбаевдин билдирүлөлөрүн угуп, талкуулап жергиликтуу айылдык Кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектүү 2-сессиясы токтом кылат:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектүү 29/6-сессиянын 2021-жылдын 29-январындагы чечимин аткаруу максатында Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн тургуну Т.Собурбековдун булун участкасында мыйзамсыз ээлеген 0.28 га жери кайтарылсын. Ошол жер аянты өздөштүрүүгө жана башка максатта пайдаланууга аукцион өткөрүү жагы каралбасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага: | К.Бейшеналиев |