Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXIХ-сессиясы
2021-жылдын 24-майы № 2-3
“Жаңы-Жол айыл аймагынын “Бак”,”булун”участкаларында суугат суу менен камсыз кылууда мураптын иштөө тартиби жөнүндө”
Күн тартибиндеги Жаӊы-Жол айылынын булун участкасында мыйзамсыз салынган көпүрө жѳнүндѳ боюнча айылдык Кеӊештин тѳрагасы К.Бейшеналиев, айыл чарба жана жайыт маселелер боюнча туруктуу комиссиянын билдирүлөлөрүн угуп, талкуулап жергиликтуу айылдык Кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектүү 2-сессиясы токтом кылат:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын “Бак”,”булун”участкаларында суугат суу менен камсыз кылууда мураптын айлык акысы ар бир пайдалануучу бир сотых суугат жер үчүн 25 сом төлөө жагы бекитилсин.
2. Өз убагында суугат арыктарды чаап калыбына келтирбеген жарандарга бузуулар кодексинин талабына ылайык 500 кем эмес айып пул каралсын
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарба жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага: | К.Бейшеналиев |