Загрузка документа…
САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезекcиз чакырылышынын 1-сессиясы
2021-жылдын 08-майы № 5
Сары-Булуң айылдык кеңешинин иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү боюнча
Сары-Булуң айылдык кеңешинин айыл аймагында башка улут жашабагандыктан, айылдык кеңештин иш кагаздарын толтууруда расмий тилинде эмес, айыл аймагында жашаган кыргыз улуту болгондуктан айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүн ишкагаздарын кыргызча жана сессияны, айыл өкмөтүнүн чогулушунун отурумдарын алып баруу максатында Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезекcиз I-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Айылдык кеңештин сессиясын алып баруу жагы, иш кагаздарды жана айыл өкмөтүнүн чогулушунун отурумдары кыргыз тилинде жүргүзүлсүн.
2. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл окмөтүнун жооптуу катчысы Кыдыков Асылкеримге тапшырылсын.
3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы | Эпээва В.М. |