Загрузка документа…
САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезекcиз чакырылышынын 1-сессиясы
2021-жылдын 08-майы № 7
Сары-Булуң айылдык кеңешинин алдында тармактык комиссияларын түзүү боюнча
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Сары-Булуң айылдык кеңешинин алдында үч төмөндөгүдөй тармактык комиссия түзүлсүн
- Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы,инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы.
- Мыйзамдуулукту, Укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, Архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы.
- Регламент депутаттык этика, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы.
2.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Каршы,Калыс,Жок. Токтом бир добуштан бекитилди.
Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы | Эпээва В.М. |