Загрузка документа…
САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезекcиз чакырылышынын 1-сессиясы
2021-жылдын 08-майы № 11
Чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунушу боюнча
Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезекcиз чакырылышынын сессиясында чыгып сүйлөгөн депаттардын сунуштарынын негизинде Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезекcиз чакырылышынын I-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезекcиз чакырылышынын сессиясында чыгып сүйлөгөн депаттардын сунуштары эске алынсын.
2.Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2021-жылдын 1-январына кабыл алынган иш чарасы жана 2021-жылга карата бюджетке кабыл алган иштерди, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” 2016-жылдын 27-июулундагы №151 мыйзамынын 18 статьясынын негизинде, бүгүнкү күндө аткарылып жаткан иштер боюнча, кагаз жүзүндө 2021-жылдын 13-майында бюджеттик комиссиянын төрагасына маалымат бердирүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Т.Токтоналиевге тапшырылсын.
3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы | Эпээва В.М. |