Загрузка документа…
САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезекcиз чакырылышынын III-сессиясы
2021-жылдын 8-июлу № 21
Сары-Булуң айылдык кеңешинин алдындагы Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл Чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 3.07.2021-жылдагы №3 отурумун бекитүү жөнүндө
Сары-Булуң айылдык кеңешинин алдындагы Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 3.07.2021-жылдагы №3 отурумун бекитүү жөнүндө депутаттар талкуулашып Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезектүү чакырылышынын III-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Сары-Булуң айылдык кеңешинин алдындагы Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл Чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык айланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 3,07,2021-жылдагы №3 отурумун бекитүү жөнүндө берген комиссиянын төрагасы Э.Ж.Жумабаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы У. Далбаев тарабынан 2021-жылдагы бюджеттин алты айлыгында аткарылган иштердин же бюджеттин аткарылышы боюнча толук маалыматы болбогондуктан сессияга кайрадан кароо жагы сентябрь айына каралсын.
3.Сентябрь айында бюджеттин аткарылышы боюнча туруктуу комиссиясында карап, иш кагаздарын даярдап, сессияга чыгаруу жагы Сары-Булуң айылдык кеңешинин алдындагы Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Жумабаевге милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрагасысынын орун басары Жумабай уулу Сүйүнбайга тапшырылсын.
Каршы,Калыс,Жок. Токтом бир добуштан бекитилди.
Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы | Эпээва В.М. |