Загрузка документа…
САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезекcиз чакырылышынын III-сессиясы
2021-жылдын 8-июлу № 23
Сары-Булуң айылдык аймактын Жергиликтүү Жамааттын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө
Сары-Булуң айылдык аймактын Жергиликтүү Жамааттын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө, жамааттын Типтүү уставына сунуш киргизүү боюнча Кара-Суу, Табылгыты айылдарынын элдик жыйынынын 21-июнь 2021-жылдагы отурумунда каралган сунуштарды Сары-Булуң айылдык кеңешинин депутаттары талкуулашып Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезектүү чакырылышынын III-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Сары-Булуң айылдык аймактын Жергиликтүү жамааттын Типтүү уставы бекитилсин жана Кара-Суу, Табылгыты айылдарынын элдик жыйынынын 21-июнь 2021-жылдагы №4/1отурумунда каралган сунуштар киргизилсин.
2.Сары-Булуң айылдык аймактын Жергиликтүү Типтүү уставын каттоодон өткөртүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Олжотовевге милдеттендирилсин.
3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы | Эпээва В.М. |