Загрузка документа…
САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезекcиз чакырылышынын III-сессиясы
2021-жылдын 8-июлу № 25
Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Суу, Табылгыты айылдарынын 21.06.2021-жылдагы отурумун бекитүү жөнүндө
Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Суу, Табылгыты айылдарынын 21.06.2021-жылдагы отурумундарын бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаттары талкуулап Сары-Булуң айылдык кеңешинин (VIII- шайланышынын) кезектүү чакырылышынын –III-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Суу жана Табылгыты айылдарынын 21,06,2021-жылдагы отурумдары бекитилсин жана кичи ЗРК Кара-Талаа учаскасына суу чыгаруу иштери колго алынсын жана суу чыгаруу максатында Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фонддусуна долбоор жазуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайытына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун атакрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы М.Ж.Олжотоевге жүктөлсүн.
Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы | Эпээва В.М. |