Загрузка документа…
САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезектүү чакырылышынын IV-сессиясы
2021-жылдын 8-июлу № 19
2022-жылга карата бюджеттин долбоорун бекитүү бюнча элдин сын сунуштарын пикирлерин угуу максатында элдик коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө
Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджеттин долбоорун бекитүү, жергиликтүү калктын ой пикирлерин сунуштарын угуу, жер-жерлерде келечектеги бюджетти кабыл алуу максатында, коомдук угууларды өткөрүү боюнча депутаттар талкуулашып Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезектүү чакырылышынын III-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджеттин долбоорун бекитүү, жергиликтүү калктын ой пикирлерин сунуштарын угуу, жер-жерлерде келечектеги бюджетти кабыл алуу максатында коомдук угуулар өткөрүлсүн.
2.2022-жылга карата бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча элдик коомдук угуларды өткөрүүгө карата, айыл аймагындагы жашаган калкка маалыматтарды, чакыруу барактарын таркатуу, уюштуруу жагы жана 28-июль 2021-жылга коомдук угууларды өткөрүү күнү белгиленсин жана айыл өкмөт башчысы М.Ж.Олжотоевге, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы У.Далбаевге милдеттендирилсин.
3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Каршы,Калыс,Жок. Токтом бир добуштан бекитилди.
Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы | Эпээва В.М. |