Загрузка документа…
САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезекcиз чакырылышынын III-сессиясы
2021-жылдын 8-июлу № 28
“Дүпкүр”участкасындагы турбаларды кастыруу боюнча
Сары-Булуң айыл аймагынын “ Дүпкүр” участкасындагы турбаларды кастыруу боюнча Айыл өкмөт башчысы М.Ж.Олжотоев айыл ичиндеги жолдорго суу өтүүчү жерлерге турба койдуруу боюнча билдирди жогорудагы билдирүүнүн негизинде депутаттар карап чыгышып Сары-Булуң айылдык кеңешинин (VIII- шайланышынын) кезектүү чакырылышынын III –сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Жер алдындагы “Дүпкүр” участкасындагы турбаларды айыл аймагындагы жол аркылуу өтүчү каналдарга жана коопту жерлерге койдуруу үчүн казылып алынсын.
2.Турбаларды кастырып алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Олжотоевге милдеттендирилсин.
3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайытына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Жумабек уулу С жүктөлсүн.
Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы | Эпээва В.М. |