Загрузка документа…
САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезекcиз чакырылышынын IV-сессиясы
2021-жылдын 24-августу № 33
Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн аймагынан айыл кыштакты кеңейтүү үчүн жерлерди (трансформациялоо) которуу жөнүндө 24-август 2021-жылдагы №24 токтомун бекитүү боюнча
Сары-Булуң айыл аймагынан айыл кыштакты кеңейтүү үчүн жерлерди (трансформациялоо) которуу жөнүндө 24-август 2021-жылдагы №24 токтомун депутаттар карап чыгышып Сары-Булуң айылдык кеңешинин (VIII- шайланышынын) кезекcиз чакырылышынын IV-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Сары-Булуң айыл аймагынан айыл кыштакты кеңейтүү үчүн жерлерди (трансформациялоо) которуу жөнүндө 24-август 2021-жылдагы №24 токтому бекитилсин. (Тикеме тиркелет)
-Сары-Булуң айыл аймагынын айыл-кыштакты кеңейтүү үчүн төмөндөгү участкалардагы контурлар боюнча (трансформациялоо) которулсун:
-Суу баскан аянт боюнча -27 гектар
· Сары-Булуң участкасынан суу баскан аянттан №1014.1015.1162 конурдагы.
-Таза жайыт боюнча- 23 гектар.
· Дүпкүр участкасынан – 4 гектар. №1246, 1247 конурдагы таза жайыт.
· Таш-Арык участкасындагы – 4 гектар №751 контурдагы таза жайыт.
· Кара-Талаа участкасындагы -15 гектар №189 контурдагы таза жайыт.
Жалпы 50-гектар жер айыл кыштакты кеңейтүүгө берүүгө жатат.
2.Айыл кыштакты кеңейтүү үчүн жогоруда аталган жерлер (трансформациялоо) которулсун жана иш кагаздарын даярдап жогорку тийиштүү уюмдарга берүү жагы Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Олжотоевге жүктөлсүн.
3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жоопту катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзомолдөө жагын өзүмө калтырам.
Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы | Эпээва В.М. |