Загрузка документа…
САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезекcиз чакырылышынын V-сессиясы
2021-жылдын 7-сентябры № 35
Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Суу Табылгыты айылдарынын 07.09.2021-жылдагы протоколун бекитүү жөнүндө
Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Суу, Табылгыты айылдарынын 07.04.2021-жылдагы протоколун бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угушуп жана депутаттар талкуулашып Сары-Булуң айылдык Кенешинин (VIII- шайланышынын) кезекcиз чакырылышынын V –сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Cары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу, Табылгыты айылдарынын 07.09.2021-жылдагы чогулушунун № 6 протоколу бекитилсин.
-Сары-Булуң айыл аймагынын алдындагы муниципиалдык ишканага Белорсс-82 тракторун чирегичи (прицеп) алууга Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Олжотоевге долбоор жазып Жалал-Абад өнүктүрүү фондусуна» сунуштоо жагы милдеттендирилсин.
2.Сары-Булуң айыл аймагына «Жалал-Абад өнүктүрүү фондусунун» бюджеттик каражатынын эсебинен жазылган долбоордун негизинде акча каражаттын бөлүп берүү жагы суралсын.
3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайытына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булуң айылдык кеңешинин алдындагы, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы | Эпээва В.М. |