Загрузка документа…
САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезекcиз чакырылышынын V-сессиясы
2021-жылдын 7-сентябры № 36
Жалал-Абад өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан долбоор боюнча жалпы элдик жыйындын отурумун бекитүү жөнүндө
Сары-Булуң айыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Олжотоевдин билдирүүсүн угушуп жана талкуулап Сары-Булуң айылдык Кенешинин (VIII- шайланышынын) кезекcиз чакырылышынын V –сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Жалал-Абад өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан Кара-Талаа каналын реконструкциялап, оңдоп чыгуу боюнча долбоорун сунуштаган Кара-Суу айылынын элинин жалпы чогулушунун отурумунун токтому жактырылсын.
2. Жалал-Абад өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан Кара-Талаа каналын реконструкциялап, оңдоп чыгуу боюнча сметасын түзүү долбоорун сунуштаган Кара-Суу айылынын элинин жалпы чогулушунун отурумунун токтому жактырылсын.
3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайытына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булуң айылдык кеңешинин алдындагы, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы | Эпээва В.М. |