Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2018-жылдын 3-августу №9/1
Ичүүчү суунун техникалык кароо шарттардын, суу түтүктөрүнө кошулууга жана суу эсептегичтерине кошумча төлөмдөрдүн баасын бекитүү тууралуу
“Жайыл Таза Аймак” МИнын директорунун ичүүчү суунун техникалык кароо шарттардын, суу түтүктөрүнө кошулууга жана суу эсептегичтерине кошумча төлөмдөрдүн баасын бекитүү тууралуу кайрылуусун карап талкуулап чыгып, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы:
токтом кылат:
1. Техникалык шарттардын баасын 600 сом болуп бекитилсин.
2. Суу түтүктөрүнө кошулууга 1 погондук метринин баасы 200 сом болуп бекилсин.
3. Суу эсептегичтин жалпы баасынан 30% пайыздык төлөмү абоненттерден алынсын.
Жайыл айылдык кеңешинин Төрагасы | А.Меркибаев |