Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2019-жылдын 6-февралы №2
2019-жылга бюджетти бекитүү тууралуу
Жайыл айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы У.К.Адековду 2019-жылга бюджетти бекитүү тууралуу таркатылуучу материалдар менен таанышып жана угуп, талкуулап Жайыл айылдык кеңешинин депутаттар отуруму:
токтом кылат:
1. 2019-жылга Жайыл айыл өкмөтүнүн чыгаша бюджетин 14434,8 миң сомго бекитилсин, алардын ичинде:
- өздүк киреше боюнча 9539,2 миң сом;
- теңдештик грат 4895,6 миң сом;
2. Атайын каражаттар 700,0 миң сом.
3. 2019-жылдын 1-январына 3716,5 миң сом калдык каражатына чыгаша бекитилсин.
4. 2019-жылдын 1-январына 26,9 миң сом атайын эсеп боюнча калдык каражатына чыгаша бекитилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы З.Д.Мамаевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин Төрагасы | А.Меркибаев |