Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2019-жылдын 6-февралы № 3
Жыл сайын мал жандыктарын жайытка чыгарып кетүүнү бекитүү тууралуу
“Жайыт” комитетинин төрагасы А.Ч.Биляловдун жыл сайын 01 апрелден 10 апрелге чейин кайсыл жарандын короосунда жыйырма баштан кой, беш баштан ийри-мүздүү мал жана үч аттан жогору болсо жайыттарга чыгарып кетүү кайрылуусун бекитип берүүнү угуп, талкуулап Жайыл айылдык кеңешинин депутаттар отуруму:
токтом кылат:
1. Жыл сайын 01 апрелден 10 апрелге чейин кайсыл жарандын короосунда жыйырма баштан кой, беш баштан ийри-мүздүү мал жана үч аттан жогору болсо жайыттарга чыгарып кетүүсү бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин “Жайыт” комитетинин төрагасы А.Ч.Биляловго жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин Төрагасы | А.Меркибаев |