Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2019-жылдын 23-майы № 5
Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл аймагынын коомдук – профилактикалык борборунун Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын укук бузуулар профилактикасы жөнүндө” Мыйзамынын 123-беренесинин 6 бөлүмүн ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 “Коомдук-профилактикалык борборунун Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, Жайыл айылдык Кеңешинин сессиясы:
токтом кылат:
1. Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл аймагынын коомдук – профилактикалык борборунун Уставы бекитилсин.
2. Жайыл айыл аймагынын КПБнун түзүмү бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы З.Д.Мамаевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин Төрагасы | А.Меркибаев |