Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2019-жылдын 23-майы № 7
Чөп жана эгинге мал менен зыян келтиргендерге айып салууну бекитүү тууралуу
Жайыл айылынын башчысынын чөп жана эгинге мал менен зыян келтиргендерге айып салууну бекитип берүү тууралуу кайрылуусун карап чыгып Жайыл айылдык Кеңешинин сессиясы:
токтом кылат:
1. Чөп жана эгинге мал менен зыян келтиргендерге төмөнкүчө айыптар бекитилсин:
– бир баш кой – 500 сом;
- бир баш уй – 2000 сом;
- бир баш ат – 2000 сом;
- бош жүргөн иттерге – 1000 сом.
Жайыл айылдык кеңешинин Төрагасы | А.Меркибаев |