Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2019-жылдын 5-августу № 8
2020 жылдын бюджеттик долбоорун жана 2021-2022 жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин “Жергиликтүү бюджеттерди карап чыгуу жана бекитүү” 102-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020 жылдын бюджеттик долбоорун жана 2021-2022 жылдарга бюджетинин божомолун кабыл алуусуна байланыштуу, айыл өкмөтү тарабынан берилген материалдарды угуп жана талкуулап Жайыл айыл кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Өз кирешелерден, тегиздөө гранттардан жана атайын каражаттардан турган 2020-2022-жылдарга айылдык аймактын бюджетинин болжолу төмөндөгүдөй бекитилсин:
| Баардыгы | Өз кирешелер | Тегиздөө гранттар | Атайын каражаттар |
2020 год | 12 287,3 миң.сом | 6 695,4 миң.сом | 4 453,9 миң.сом | 1 138,0 миң.сом |
2021 год | 11 794,0 миң.сом | 6 435,4 миң.сом | 4 220,6 миң.сом | 1 138,0 миң.сом |
2022 год | 11 794,0 миң.сом | 6 435,4 миң.сом | 4220,6 миң.сом | 1 138,0 миң.сом |
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы З.Д.Мамаевге жүктөлсүн.
Таркатылсын: иш кагаздарына, бухгалтерияга, Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Жайыл райондук аймактык башкаруусуна
Жайыл айылдык кеңешинин Төрагасы | А.Меркибаев |