Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2019-жылдын 9-декабры № 12
Алексеевка айылындагы ичүү суу үчүн баалардын прейскурантын (тарифин) бекитүү жөнүндө
2019-жылдын 12-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин №52 Алексеевка айылындагы жаңы суу түтүк тармагы боюнча ичүүчү сууга болгон баалардын прейскуранты (тариф) 1 кубка 28 сом өлчөмүндө макулдашылган буйругунун, ошондой эле “Жайыл Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын мүдүрүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Алексеневка айылындагы ичүүчү суу үчүн баалардын прейскурантын (тариф) 1 кубка 28 сом суммасында бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө кылуу милдети “Жайыл Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын мүдүрү Б.М.Баймонкоевге жүктөлсүн.
Таркатылсын: иш кагаздарына, муниципалдык ишкананын мүдүрүнө.
Жайыл айылдык кеңешинин Төрагасы | А.Меркибаев |