Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 12-февралы № 1
2021-жылга бюджетти бекитүү тууралуу
Айыл өкмөтүнүн берилген материалдарын угуп жана карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү бюджетти кароо жана бекитүү” Бюджеттик Кодексинин 102-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “2021-жылга Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолдоо боюнча” Жогорку Кеңешинин кабыл алуусуна байланыштуу, Жайыл айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. 2021-жылга Жайыл айыл аймагынын бюджети Бекитилсин:
- 2021-жылга киреше бөлүгү – 7125,2 миң сом
- атайын каражаттар – 760 миң сом
2. 01.01.2021-жылга чыгаша калдыктары Бекитилсин:
- бюджеттик каражаттар – 280,6 миң сом
- атайын каражаттар – 35,1 миң сом
3. 2022-2023-жылдарга Жайыл айыл аймагынын жергиликтүү бюджеттин болжолду киреше бөлүгү Бекитилсин:
- 2022-жылга болжолдуу киреше бөлүгү – 8029,2 миң сом
- 2023-жылга болжолдуу киреше бөлүгүг – 8143,2 миң сом
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы З.Д.Мамаевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин Төрагасы | А.Меркибаев |